Кыргыз эли байыртан сөзгө өзгөчө маани берип, ар бир сөздү аздектеп келишкен. Сөздүн кандайдыр бир күчү бар экенине да ишенишкен. Мындан улам ага байланыштуу ар кандай ырым-жырымдар келип чыккан. Алардын бири катары апалардын балдарын "айланып гана кетейин" деп эркелеткенин айтсак болот. Чынында бул сөздү баарыбыз эле укканбыз. Бирок эмнеден улам "айланып кетейин" деп айтылып калганын биле бербесек керек.
Филолог Сыртбай Мусаевдин айтымында, "айланып кетейин" деген сөздүн түпкү мааниси "айлан", "тегерен" деген сөзгө барып такалат. Аны көбүнчө улуу кишилер, анын ичинде аялдар балдарга карата жалынып, эркелетип жакшы көргөн сезимин билдирүүдө айтышат.
"Кыргыз өзү жашоо-тиричилигинде бурчу чыккан үйлөрдө жашаган эмес. Ар дайым тегерек болгон жайларда жашаганга аракет кылган. Бурчтарга "ар кандай терс, жаман нерселер топтолот" деген түшүнүк болгон. Балдар бардык жагынан камкордукка муктаж да, кээде ооруп калышат. Ошол учурда апалар "балдарга оору келбесин", "сага келген оору мага келсин" деп боз үйдү айланышкан. Мунун негизги максаты балдарды коргоо, сактоо, ооруну айыктыруу аракети катары карасак болот. "Айланып кетейин" деген сөздүн түпкү маңызы да ошого барып такалат. Ошондой эле бул сөздү апалардын "балдары үчүн жанын берүүгө да даяр" деген да мааниде караса", - дейт Сыртбай Мусаев.
Ошондуктан да "адамды айланба" деп коюшат. Эгерде адамды айлансаң, анда анын оорусу сага оошуп өтөт деп кабыл алышкан.