Экс-министр Равшан Сабировдун тарапташтары Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүдө

Бүгүн, 30-майда Жогорку Сот тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун тарапташтары Бишкекте Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Чогулгандардын катарында экс-министрдин апасы, жубайы, балдары, бир туугандары дагы бар. Алардын талабы - Сабировду күнөөсүз деп таап, камактан бошотуу. “Балам дайыма элге жардам берип келген, ал эч качан бирөөдөн пара алмак эмес. Жогорку Сот адилетсиз чечим чыгарды. Мен убагында “Ата Мекен” партиясы үчүн кызмат кылгам, эми ушул партиядан баламды актап берүүгө жардам сурап жатабыз,- дейт Анар Сабирова.  

Эске салсак, Равшан Сабиров 2012-жылы жардамчысы менен “чет өлкөлүк бала багып алуучу уюмдан пара алган” деген шек менен айыпталып келген. Жогорку Сот 23-майда аны 5 жылга эркинен ажыраткан болчу. Ал эми өзүнүн күнөөсүз экендигин айткан экс-министр 26-майда ачкачылык жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан