ЖЫЛНААМА, 25-ОКТЯБРЬ: Эгиз балалуу болууну кыялданган америкалык ырчы Сиара 32 жашка толду

Эгиз балалуу болууну кыялданган америкалык ырчы Сиара бүгүн, 25-октябрда 32 жашка толду. Анын толук аты-жөнү Сиара Принцесс Хэррис.

Аскер кызматында иштеген жубайлардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн Сиара бала чагын Американын аскер базаларында өткөргөн. Ал кичинекейинен бийге, ырга кызыккан. Мектептеги кезинен баштап өзү ыр жазган, кийин ал ырларды профессионалдык деңгээлде иштеп чыгып, аткарган. Алгач 2004-жылы өзүнүн "Goodies" ыры менен дебют жасаган. Сиара "Lose Control" аттуу клиби үчүн 2005-жылы MTV Video Music Awards салтанатында "Эң мыкты бий видеосу" жана "Эң мыкты хип-хоп видео" сыйлыктарына ээ болгон. 2006-жылы ушул эле ыры үчүн "Грэмми" сыйлыгын алган.

Ырчы берген интервьюларында анын эң чоң кыялы эгиз балалуу болуу экендигин айтып келет. Мындан сырткары ырчы жаныбарларды жакшы көрөт. Анын 2 ити бар. Сиара иттеринин аттарын өзү жактырган белгилүү мушкерлер Майк Тайсондун жана Жордж Формандын аттарынан койгон.

Америкалык ырчы, бийчи, продюсер, актриса, модель, клиптердин режиссёру Сиара АКШнын Техас штатындагы Остин шаарында төрөлгөн.

25-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан