Азиз Батукаев боюнча маселе каралган ЖКнын жыйынында гематолог Мээрим Эралиева депутаттар тарабынан коркутуу болгонун айтты

Бүгүн, 30-майда ЖКнын жыйынында гематолог дарыгер Мээрим Эралиева (сүрөттө микрофонго сүйлөп жаткан айым) кечээ парламент жыйынынан чыгып бара жатканда аны 3 депутат коркутканын билдирди. Айтымында, алар дарыгерге туура эмес диагноз койгонун айтып, анализ алганда жазбагандыгын айтышкан. “Сени камай алабыз, Яха Батукаеванын унаасы менен Нарынга жалгыз баргансың" дешти. 12 врач сени үйрөтүп жатат деп айтышты. Депутаттардан Мурадыл Мадеминовду тааныйм. Калган депутаттардын фамилияларын билбейм. Мен Батукаевден анализ алып, жабык идишке салып алып келгем жана тийиштүү дарыгерге тапшыргам. Врачтар адамдардын бир күндүк жашоосу үчүн күрөшөбүз. Батукаевге диагнозду ким койду? Кечээ мен алган анализ алмаштырылып калганын гана айттым”,- деди Эралиева. Өз кезегинде депутат Мурадыл Мадеминов "Эралиева кандидаттык диссертация даярдап жатыптыр, оорулуунун амбулатордук китепчесине эмнеге анализ алганын жазган эмес. 27-февралда анализ алып, 28-февралда даяр болуптур”,- деди. Эске сала кетсек, 29-майда ЖКнын жыйынында дарыгер Эралиева алып келген анализи директордун бөлмөсүндө алмаштырылып калганын айткан эле. “Ар бир врач өзүнүн алган анализин тааныйт. Гематология борборунун директорунун бөлмөсүнө киргенде мен алып келген анализ эмес, башка анализ болгон”,- деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан