Баарын сатып мышыгы менен жер кезип кеткен жигит

Эки жарым жыл мурун бул жигит иштеп жаткан жумушун таштап, бар мүлкүн сатып, жанына Уиллоу аттуу кара мышыгын алып Австралиянын аймагын кыдырууга чыгып кеткен.

Уиллоу болсо жөнөкөй эле кара мышык. Аны бир жолу ээси Рич жолбун жаныбарлар кабыл алынуучу жайдан алган. 2015-жылдын май айында Рич менен Уиллоу Тасманиядагы үйүн сатып, төрт дөңгөлөктүү жылып жүргөн үйү менен чыгып кетишкен.

"Мен үйүмдү жана баарын саттым, жумушумду таштадым, болгон мүлкүмдү саттым. Мунун баары өмүр бою эсимден кеткис окуялар үчүн жасалды. Бирок мүлкүм менен коштошкон күндө да мышыгымдан ажырай алган жокмун, аны өзүм менен кошо алып алдым", - дейт саякатчы Рич.

"Уиллоу экөөбүз артыбызга Австралиянын 6 штатын калтырып, 2017-жылдын февраль айында көптөн күткөн саякатыбыздын соңку чеги - Түштүк Австралияга жеттик. Деңиз аркылуу рифтерди ашып өттүк, тоолордо түнөдүк, эки тарабын укмуштуудай кооз бактар каптаган миңдеген чакырым унаа жолдорду басып өттүк".


"Кээ бир адамдар менин мышык менен саякаттап жүргөнүмө таң калышат. А Уиллоу болсо абдан тынч жаныбар, ага биздин жашоонун жаңы образы жакты окшойт. Ал биз жаңы барган жерлерге кызыгуусун билдирип, дайым өз алдынча кыдырып келүүгө кетет. Анын моюнунда кай жакта жүргөнүнөн маалымат берүүчү чип бар. Ошол себептен анын өмүрү коопсуз. Мен ал үчүн кам көрөм".



"Мен үчүн биздин сүрөттөрүбүздү көрүп кубанып жаткан адамдарды көргөн жагымдуу. Бул көрүнүш мага дем берип, саякатымды дагы улагым келет. Менин токтоп калайын деген каалоом жок. Биз канчалаган тоо, токойлорду кыдырдык. Биз кантип бактылуу болуштун жолун башкадан эмес, өзүбүздөн издешибиз керек экен".


Мен мышыгым Уиллоу менен аябай сыймыктанам. Ал эң сонун сапарлаш!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Julien1212
2017-10-26 13:18:31
Мени дагы алып алчы
+6
afina66
2017-10-26 21:05:11
Julien1212,сага не жок УИЛЛОУ деген
мышыгы турганда,же сен мышыксынбы
+1
Arti
2017-10-26 13:22:19
Кээде мен деле алыс жака качып, баарын таштап кетип калгым келет. Бирок мен Рич сыяктуу эрктуу адам эмесмин. Бул нерсе колумдан келбесе керек. Бирок Рич айткандай "Биз кантип бактылуу болуштун жолун башкадан эмес, өзүбүздөн издешибиз керек" экен.
+19
karakulja
2017-10-26 13:27:49
Паниндин сортунан окшойсун... Катын жок кантип жашап атасын ХХХХ?
-4
Medinaa
2017-10-26 13:47:13
Мен да кетким келди ушинтип.Бирок менин сата турган мүлкүм жок.Сокур тыйыным да жок ((
+17
Bektur.osh
2017-10-26 13:47:31
ммм жакшы
саякатыныз мышыгыныз олгондо токтойтго деп ойлойм...
+4
Batma08
2017-10-26 14:02:36
Менда баарын таштап алыыыыс жактарга кетким келет менде бул ой турмушка чыккандан бери бар бирок колумдан келбейт окшойт себеби менде эчнерсе жок сатканга акчада жок акчамда жок кун чыгып дуйно жарык болгону менен жашоо карангыдай ...
+5
afina66
2017-10-26 14:12:16
Эркексин кулак меен тынч ЕС алып ал
+4
Tyty1990
2017-10-26 14:21:56
Мен да мулкуму сатып кетейин десем болгону телефонум бар. Самсунг а5 сатам ким алат?
+6
taku1414
2017-10-26 17:23:12
Суйлошкон кызы менен кыдырса мындан да кызыктуу болмок.
+1
mentol
2017-10-26 17:53:45
Булар ата-эне, бир-тууган дегендида билишпейтда. а биз болсок бир тыйын акча тапсакда ушуну уйдокулор менен болушуп жейин дейбиз. а булар только озулоруну ойлошот...
+8
AKCAHAT
2017-10-26 19:15:17
Жашоо зынк болсо саякаттайт да, бизде баарын таштап кетсен ата энен ачка калат, бир туугандарын той кылса акча дейт толгон токой проблема саякаттап жургондой деле болбойсун. Булар мне ата энеси окмоттон пенсия алат карыса фонддор карайт уй курушпайт,тоокана малкана салбайт,2-3этаж уй салам деп психтенбейт, лексус мерс минем деп жан талашпайт, ресторанда 500 адамга той берем деп оолукпайт.Кыскасы эл эмне дейт деп воопщум баштары оорубайт,ойуна келген жашоону жашап отушот
+15
guku_80r
2017-10-26 19:36:55
AKCAHAT,во!
+3
ludimira
2017-10-26 21:18:31
AKCAHAT,жашообузду озубуз эле оорлоштуруп алат экенбиз ээ
+2
Marasul.gulnur
2017-10-26 23:48:41
AKCAHAT,
Туура 100% кошулам
+3
B.GULNARA
2017-10-27 07:42:05
AKCAHAT,эн туура!
0
ulua
2017-10-27 15:22:37
Элоуи крассава мышык экен!
0
cfif03748
2017-10-27 23:25:49
Эллооуи.тилин сынатко.
0
Adsata
2017-10-28 00:22:23
Уиллоу
0
Edige
2017-11-01 21:44:26
Туура мен да кошулам ар кимдин жашоосу оз колунда мен да ушулар сыяктуу саякаттагым келет бирок минтип сатып, таштап, эмес болгону бир аз убакытка жашоомду озгортуу учун кругозор остуруу максатында эл коруп жер коруп келгени. Мындай жашоо бир жагынан бир аз кызыксыздай болуп калат ко мышык менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан