КҮНСЕРЕП: Жогорку Кеңеште оппозицияга оппозиция чыкты

Бүгүн, 26-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкөдө президенттик шайлоонун шарапаты соңуна чыгып, саясий оюндар жана көшөгө артындагы интригалар кайра Жогорку Кеңешке өттү. Кечээ жарым күндүн ичинде президенттен кийинки жогорку кызматтагы адам - парламенттин спикери алмашып, бүгүн анын орун басары да ээлеген креслосун бошотту. Мындан тышкары оппозициялык "Республика - Ата-Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларында "бунтчулар" пайда болду. Мунун максаты фракция башчыларын лидерликтен түшүрүү. Мисалы, "Өнүгүү-Прогрессте" ички чыр-чатактар сыртка чыгып, 3 “козголоңчу” Тазабек Икрамов, Алмаз Жутанов жана Камчыбек Жолдошбаев фракциядан дароо айдалышты. Икрамов “биз менен кеңешпеди” деп Бакыт Төрөбаевди фракция лидерлигинен кетишин ачык эле талап кылды. Ал эми мандаты эки эседен көбүрөөк РАЖда ички талаштар тышка байкалбаганы менен учурда бул фракциядагы абал “бороон алдындагы тынчтык” өкүм сүрүп жаткандай туюлат. Шайлоодо Сооронбай Жээнбековго чуркап жүргөн Зарылбек Рысалиев эми РАЖдын депутаты катары фракцияны ичинен ыдыратуу жолу менен Өмүрбек Бабановду лидерликтен түшүрүүгө аракет жасашы күтүлүүдө.

Жогорку Кеңеш мындайды башынан кечирген, кырдаал жаңы эмес. V чакырылыштагы "Ар намыс" фракциясынан бир топ депутаттар Камила Талиеваны лидерликке сунуштап, мындан улам фракция экиге бөлүнүп, жыйынтыгында Феликс Куловдун лидерликтен айдалганы элдин эсинде. Ошол эле чакырылышта "Ата-Журтта" жана "Республикада" "революциялар" орун алып, бөлүнүп-ажыроого дуушар болгон. “Ата-Журтта” башында Камчыбек Ташиев, андан соң кезеги менен Садыр Жапаров, Мыктыбек Абдылдаев, Жылдызкан Жолдошева, Дастан Жумабеков лидер болушса, “Республикада” Өмүрбек Бабанов, Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Назарали Арипов болгон. VI чакырылышта Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн Канат Исаев “Кыргызстан” фракциясынын лидерлигинен кеткен. Мунун баары фракция лидеринин консолидациялоо жана тартипти орнотуу ролу жогору экенин далилдейт. Лидерди алып коюу фракциянын бирдиктүү позицияда боло албаганына, алсырашына жана ич ара ыдыроосуна жеткирет. Фракциянын бөлүнүшү өзүнө зыян, ал эми атаандаш фракцияларга пайда алып келгенин мезгил көрсөтүүдө.

Учурда жагдай кандай? Парламенттик оппозиция жарым-жартылай тирүү абалда. "Республика - Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекендин" ортосунда бирдиктүү позиция жок. Президенттик шайлоодо утулган Өмүрбек Бабанов “реабилитацияда” болсо, Бакыт Төрөбаев фракциянын ички иштери менен алек, Өмүрбек Текебаев камакта, ал эми "Ата Мекендин" калган башы көрүнгөн депутаттары соттон бошобой жатышат.

Парламенттик оппозициянын алсыраганы менен КСДП баары бир башка фракциялар менен эсептешүүгө мажбур. Парламентти жана өкмөттү толук колго алуу үчүн КСДП 60тан кем эмес мандатка ээ болушу зарыл, ал эми парламенттик шайлоого чейин дагы 3 жыл бар. Буга байланыштуу кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүү муктаждыгы келип чыгышы мүмкүн. Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тарката алат, буга 81 депутаттын макулдугу жетиштүү. Парламенттеги коалициялык көпчүлүктү КСДП (37 мандат), "Кыргызстан" (18) жана "Бир бол" (12) түзөт. Жалпысынан 67 депутат. Оппозицияда бийликтин "революционерлери" бар экенин эске алганда, жетиштүү добуш топтоо маселе жаратпайт. Демек, 2018-жылы Жогорку Кеңеш таркатылып, шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүү сценарийи реалдуулукка жакыныраак болууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан