Депутат Бөдөш Мамырова 30-майдагы парламент жыйынында экс-социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун туугандары Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясына чогулгандыгын билдирип, ага көңүл буруу керектигин айтты. “Равшан Сабиров ачкачылык жарыялаптыр. Анын ден соолугу күндөн күнгө начарлап бара жатканы айтылууда. "Мыйзамдагы ууруга" деле адилеттүүлүк кылыптырсыңар, Равшан Сабировдун 80 жаштан ашкан энесин аяп койгула. Ден соолугуна кам көрүп карагыла”,- деди эл өкүлү саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага кайрылып.