Көптөгөн жан сакчылардын курчоосунда кортеж менен жүрүп, көңүл чордонунда, сый-урматтын үстүндө болгон кезде эл башчылардын президенттиктен кийинки жашоосу кандай болору көп деле ойго келбеген нерсе. Көпчүлүк мамлекеттерде мурдагы президенттерге артыкчылык шарттар түзүлгөн. Ошол эле учурда ар кандай кырдаалдан улам андай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана албаган эл башчылар бар. Алардын бир катарларынын президенттик кызматтан кийинки жашоосу менен тааныштырабыз.
Бул сүрөттү интернет колдонуучулар социалдык тармактарга тараткан. Сүрөттө Иран Ислам Республикасын 2005-жылдан 2013-жылга чейин башкарган Махмуд Ахмадинежад. Сүрөттү интернетке киргизген колдонуучу мурдагы эл башчы коомдук унаада, элдин тыгынында өзүн эч ыңгайсыз сезбей бара жатканын, ал үчүн бул көрүнүш жат эмес экендигин жазган.
Анын жөнөкөйлүк мүнөзү тууралуу көптөгөн маалыматтар жазылып жүрөт. 8 жылдык президенттик кызматта ал "Мурдагы президенттер жөнүндөгү" мыйзамды кабыл алуу демилгесин көтөргөн эмес. Президент болуп турганда түшкү тамагын үйүнөн көтөрүп келген Ахмадинежаддын президенттиктен кийинки пенсиядан баш тарткандыгы айтылып жүрөт. Ал калктын акчасы калкка берилиши керек деген принципти бекем тутунат. Учурда Ирандын мурдагы президенти Тегерандагы университетте окутуучу болуп эмгектенет.
Украинанын үчүнчү президенти Виктор Ющенконун президенттиктен кеткенден кийинки жашоосун да коомчулук көп талкууга алат. Өткөн жылы анын базарда соодагердин ордунда отурган кезин сүрөткө тартып алышкан.
Сүрөттү жарыялаган интернет колдонуучу: "Мурдагы президент базарда желим отургучта отуруп алып, кагаз стакандан кофе ичип жатыптыр. Алдында сатыкта саймалуу, улуттук кийимдер туруптур. Элдер ал менен учурашып өтүп жатышты, мен сүрөткө тартууну суранганда токтоосуз макул болду. Биз ар кандай темаларда да сүйлөштүк", - деп жазган.
Ющенко өзү берген интервьюда бугу, аары багып алектенерин, этнографиялык музей да салып жатканын айткан. Китеп окуганга, үй-бүлөсүнө көңүл бурууга убактысы кенен болуп калганын билдирген. Ал президенттиктен кийинки түзүлгөн артыкчылыктардан пайдаланат. Саясатка кайтуу тууралуу ою жок экендигин айткан Ющенко саясий ток-шоу берүүлөрүн мүмкүн болушунча көрбөгөнгө аракет жасап, Discovery же Animal Planet сыяктуу каналдардын көрөрманы.
Уругвайдын 40-президенти учурда айыл чарбасы менен алектенет. Тоок, ит багып, короосуна жашылча жемишти өстүргөн мурдагы президент Хосе Мухика "дүйнөдөгү эң кедей президент" деп аталган. 2010-жылдан 2015-жылга чейин Уругвайды башкарган Мухика кызматтан кеткенден кийин мурунку эски, кичинекей үйүндө жашоону уланткан.
Ал кадимкидей эле күнүмдүк тиричилик жумуштары менен алектенет. Өзү жашаган айылдагы медициналык мекемеге барат жана эл менен катар эле кезек күткөндү мурдагы президент үчүн өөн көрүнүш деп эсептебейт.
Социалдык тармактарда эгемендүү Кыргыз мамлекетинин биринчи эл башчысы Аскар Акаевдин да сүрөттөрү пайда болуп, талкууланып жүрөт. Интернет колдонуучу мурдагы президентти Москва шаарындагы "Перекресток" дүкөнүнөн тартып алган. Анда ал йогурт, минералдык суусундуктарды баштыкка салып жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Акаевдин Москвадагы метродо ойлуу бара жаткан сүрөтү жарыяланган. Ушул эле жылдын июнь айында ал Москвада иштеген кыргыз жаштары менен баарлашып жаткан учурун журналист Анна Качкаева тартып алган. Кыргыз өлкөсүн 15 жыл башкарган Аскар Акаев учурда Москва мамлекеттик университетинде физика сабагынан окутат.
Финляндияны 12 жыл башкарган Тарья Халонен учурда улуттук галереяны жетектейт. Ал президенттик кызматта отурган кезинде АКШдан кадимки жүргүнчүлөр каттаган эконом-класстагы авиарейс менен учуп келип, көпчүлүктүн эсинде карапайым калк башчы катары калган. Президенттиктен кийин Тарья Халонен коомдук долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген. Анын ичинде аялдардын укугун коргоого жана жапайы жаратылышты сактоого көп аракет жумшаган. 3 жылдан кийин гана Финляндиянын улуттук галереясынын жетекчиси кызматына дайындалган.
Социалдык долбоорлорго активдүү катышкан Халонен көчөдө жалгыз эле, жупуну кийим менен жүрүүнү мурдагы президенттер үчүн болбой турган нерсе деген ойдон алыс. Ал тургай жакырчылык менен күрөшүүгө чакырган акцияда ал үй-жайсыз аялдын образын жараткан.