Кечээ, 29-майда президент Алмазбек Атамбаев Астанада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты. Жыйынга Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинанын президенти Виктор Янукович, Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Евразиялык интеграциялык процесстерге катышуусу жөнүндө билдирүүгө кол коюлду. Билдирүүдө: “Мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин органдары менен өз ара кызматташууну өнүктүрүү боюнча демилгесин, ошондой эле Евразиялык экономикалык союздун толук кандуу мүчөсү болуу ниетин колдогондугу тууралуу билдирет. Тиешелүү сунуштар жакын арада Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан даярдалат”, деп жазылган. Ошондой эле жыйында Евразиялык экономикалык комиссия менен Кыргызстандын ортосунда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумдун долбоору тууралуу чечимге кол коюлду.