Эс алуучуларга жыш толгон, көздүн жоосун алган Таиландда жайгашкан Пхукет аралы тууралуу билбегендер аз болсо керек. Бул аралдын атын укканда көпчүлүктүн көз алдына бардык шарттары бар мейманканалар, пилдин үстүндө кооз жаратылышты аралап сейилдөө, жыландардын катышуусундагы ар кандай оюн-зооктор келет. Бирок Пхукеттин бардык аймагында эле мындай шарттар түзүлгөн эмес.
Туристтик аймактардан алыс жайгашкан жөнөкөй тайлыктар кандай күн кечиришет?
1. Бул кумдуу жээк, туристтер көрүп көнүп калган жээктен кескин айырмаланат.
2. Кичинекей айылдын бир гана жеринде таман таштар жерге төшөлгөн, айылдын калган көчөлөрүндө мындайды көрө албайсың.
3. Айылдын аймагында жайгашкан үйлөр жыгачтан тургузулуп, сыртынан жука темир менен капталган. Үйлөрдү жерден бийик тургузушат, анткени бул аймакта жаан-чачын көп жаап, суу каптоо көп болот. Башка учурларда үйлөрдүн астын ар кандай оокаттарды сактоо үчүн же унаа токтотуучу жай катары колдонушат.
4. Атайын базарга барып кереги жок. Бардык азык-түлүктөрдү, үй оокатына керектелүүчү каражаттарды соодагерлер мотоцикл менен кыдырып сатып келишет.
5. Санитардык-гигиеналык тазалык жөнүндө бул аймакта эч ким укпагандай.
6. Айылды аралай бассаң эшик алдында эч нерсе кылбай отурган адамдарды көп көрөсүң. Бул адамдар кантип жана кайдан каражат табат белгисиз.
7. Эркектер бул айылда балык уулоо менен алек, алар бул үчүн тордон атайын ар кандай жабдыктарды жасашат.
8. Бул эмне болгон бир ууч кум деп кызыгып жаткан болсоңуз, бул кум сатылат. Анын ичинде балык уулоого керектелүүчү курттар бар.
9. Терминалга акчаңды салып кийим-кечеңди көчөдөн эле жууп алсаң болот.
10. Айылдагы эң жакшы жашаган адамдын үйү.
11. Эми Пхукеттин туристтик аймагында жайгашкан мейманканалар менен салыштырып көрүңүз.
12. Туристтер эс алуучу кумдуу жээк.