Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал боюнча даярдалган жол картасына эки тарап кол койгондон кийин гана кезекте турган автоунаалар өткөрүлөт. Ал эми андан кийинкилери жол картадагы талаптарга ылайык жаңы эрежелер менен өтүшөт. Бул тууралуу экономист Жумакадыр Акенеев 26-октябрда Бишкекте маалымат жыйынында айтты. Анын белгилешинче, жаӊы эрежеге ылайык, унаалардагы жүк кайсы мамлекеттен алынгандыгы, унаа ээси кайсы өлкөдөн экендиги көрсөтүлүшү керек болот.
"Чек ара боюнча иштелип чыккан жол картасында жаңы талаптар бар. Мына ушул документке кол коюлса алгач азыр кезекте турган оор жүк ташуучу унаалар мурдагыдай эле талап менен тез аранын ичинде өтүп кетишет. Жаңы эреже менен өтчү унаалар катуураак талап менен текшерилет. Бирок чек арада турган жүктөрдүн 20 пайызы Казакстандын өзүнө, 80 пайызы Орусияга барат. Ошондуктан алар өздөрүнө калчу унааларды гана текшерип, Орусияга барчуларды жеңил өткөрүүсү керек", - деди Акенеев.