Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарындагы Казакстандын элчилигинин алдында чек аранын жабылуусуна каршы болгон жарандар нааразычылык акциясын өткөрүштү. 10го чукул активисттер чек аранын ачылуусун талап кылып, карапайым жарандар кыйналып жатканын билдиришти.
"Чек арада кечээ күнгө чейин 8 чакырымга созулган төрт жүздөй жүк ташыган унаалардын тыгыны бар эле. Ал эми азыркы учурда сегиз жүздөй жүк ташыган унаалар турат. Тыгындын узундугу 14 чакырымга чейин созулган. Мындан сырткары акыркы убакта чек ара бекетинин үстүндө аскерлешкен тик учактар учуп жүрөт. Бул эмнеден кабар берет түшүнүксүз. Чек арада ушундай абал болуп жатса бизге ушундай бажы союзунун кереги бар беле?! Бектер кетет бел калат. Президенттер маселелерин өз ара чечишсин элди кыйнабай", - деди уюштуруучулардын бири Кыргыз чоролу уюмунун штаб башчысы Бактыбек Нуралы уулу.