2013-жылдын 3 айында Кыргызстандан Орусияга кеткен жарандардын саны былтыркыга караганда 13 пайызга азайганы белгилүү болду

2013-жылдын январь айынан март айынын акырына чейин Кыргызстандан Орусияга кеткен жарандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 13 пайызга азайып, 1611 адамды түздү. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде Орусияга кеткен жарандардын саны 1855 адам болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Казакстанга ушул жылдын январь айынан март айына чейин 907 адам кетсе, өткөн жылы бул көрсөткүч 703 адамды түзгөн. Ал эми Өзбекстанга ушул жылы 30 адам, өткөн жылы 37 Кыргызстандын жараны кеткендиги белгилүү болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан