Украинанын Киев шаарында Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин жана жаш сүрөтчүлөр Алия Шагиеванын, Айгүл Касымованын "Көчмөн аял" темасындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көргөзмө Украина менен кыргыз элинин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган. Ага кыргыз элинин көчмөн жашоо образынын, салттарынын, тарыхынын жана өлкөнүн жаратылышынын уникалдуулугун чагылдырган 30дан ашык сүрөт коюлган. Көргөзмө ушул жылдын 15-ноябрына чейин уланат.