Бүгүн, 27-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак алфавитин латын арибине өткөрүү боюнча буйрукка кол койду. Ага ылайык, 2025-жылга чейин өлкө толугу менен латын арибине өтүш керек. Казак мектептеринде латын тамгалары менен 1-класстан баштап билим берүү 2022-жылы башталмакчы. Коңшу өлкөдө латын арибине өтүү демилгеси быйыл жазында жарыяланып, казак жана дүйнө коомчулугунда кызуу талкууланган. Назарбаевдин ою боюнча, жаңы алфавит коомчулуктун жаңылануусуна, тышкы дүйнө менен байланышты жакшыртууга, балдарга англис тилин бат үйрөтүүгө түрткү болот.
Орусиядан сырткары мурдагы СССР өлкөлөрүнөн кириллицаны азыркы тапта Кыргыз жана Тажикстан гана колдонуп келет. Азербайжан, Молдова, Түркмөнстан жана Өзбекстан латын тамгаларына эчак өтүшкөн. Кыргызда латынга өтүү жакын арада күтүлбөй турганын эки окуя далилдейт. Биринчиси, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев Кыргыз өлкөсүндө латын арибине өтүү планда жок экенин парламенттен айткан. Анын түшүндүрмөсү боюнча, латын арибине өтүүгө чоң көлөмдө акча каражат керек. Экинчиси, президент Алмазбек Атамбаев Кытай, Япония латын арибине өтпөй эле өнүгүп жатканын негиз кылып, "латын арибине өтүү экономикага пайда алып келет" деген пикир туура эмес экенин айткан. Бирок ааламдашуудан артта калбоо керек болсо, анда эртели-кеч алфавитти алмаштыруу муктаждыгы бышып жетет...
Тил маселеси регионалдык саясий оюндарда рычаг катары колдонулганын Орусиянын парламентинде көтөрүлгөн демилге көрсөттү. Бүгүн Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Игорь Лебедев Кыргыз жарандарына Орусия аймагында улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөсүнө тыюу салууну сунуштады. Депутат парламент кыргыздарга "орус тили Кыргызда расмий макамга ээ болгону үчүн" деп улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөсүнө уруксат бергенин баса белгилеп, бул саясий чечим болгонун айтты. "Кыргыздар Орусияга каршы көтөрүлүштү улуттук майрам катары бекитишти. Мындай иш достук мамилеге жатпайт", - деди Лебедев.
Бул орусиялык депутатты Кыргыздагы кайсы майрам тынчын алууда? Кечээ президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрда жыл сайын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон. Документтин түшүндүрмөсүндө Орусияга каршы бир да сөз жок. Демек, Лебедевде Орто Азия боюнча ХХ кылымдын 1-жарымынын тарыхы тууралуу түшүнүгү жок. 1916-жылы Орус империясынын баскынчылык саясатына каршы көтөрүлүш болгон.
Белгилей кетсек, ЛДПР партиясы Орусияда улутчулдук билдирүүлөрү менен белгилүү. Анын лидери Владимир Жириновскийге “Орусия Кыргыздын карызын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыкканы үчүн Кыргыз өлкөсүнө келүүгө тыюу салынган. Лебедевдин билдирүүсү Мамлекеттик Думада көз жаздымда калышы ыктымал, бирок эл өкүлүнүн парламенттик трибунадан Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салалы деп сүйлөгөнү Кыргыз-Орусия мамилелеринде мандем пайда болгонунан сигнал берет. Казакстан тышкы дүйнө менен жер аркылуу каттамдарга чектөө коюп, экономикага зыян келтирип жатат. Эгер Думанын депутатынын сунушу колдоо таап кетсе, анда Орусия миңдеген мигранттарды жумушсуз калтырып, Кыргыз өлкөсүнүн ичинде социалдык да, экономикалык да чыңалуу пайда кылат. Эки өлкө тең биздин ЕАЭБ боюнча союздаштарыбыз. Мындай иштерден улам ЕАЭБдеги союздаштар Кыргызга басымды күчөткөнү калдыбы деген суроо жаралат...