Бишкек мэри Иса Өмүркулов мыйзамсыз жер сатууга каршы митингге чыккандарды иш бөлмөсүндө сүйлөшүүгө чакырды

Бишкекте жер тилкелердин мыйзамсыз сатылышына каршы өтүп жаткан митингдин катышуучулары бүгүн, 30-майда саат 15:00дө шаар башчысы Иса Өмүркуловдун иш бөлмөсүндө сүйлөшмөй болушту. Митинг өтүп жаткан жерге келген Иса Өмүркулов алардын нааразычылыктарын угуп, маселелерин чечүү үчүн шашпай сүйлөшүүгө чакырды. Белгилүү болгондой, шаар башчысы менен жолугушканы Ак-Өргөө, Арча-Бешик конуштарынын, 7-8-9-кичи райондордун бир катар тургундары барышмакчы. Айта кетсек, бүгүн Ленин райондук администрациясынын алдында ондогон адамдардын катышуусу менен тынчтык митинги өттү. Аны жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков уюштурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан