Азамат Арапбаев, депутат: "Мен ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиевди көрөйүн деген көзүм жок. Бирок Батукаевдин маселесине сот жана дарыгерлер күнөөлүү"

Парламенттин 30-майдагы жыйынында “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошотулушу жана өлкөдөн чыгып кетиши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралып жатат. Жыйын кызуу талаш-тартыштар менен коштолууда. Депутат Азамат Арапбаев бул окуяда негизги күнөөкөрлөр Батукаевди абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган сот жана ага жасалма диагноз коюшкан медицина кызматкерлери экендигин билдирди. “Сот жана медицина кызматкерлеринин бул окуядагы айыбын караш керек. Өкмөт мүчөлөрүнүн канча жумушу калып жатат. Мен Зарылбек Рысалиевди көрөйүн деген көзүм жок, бирок азыр калыс сөзүмдү сүйлөп жатам. Балким, Рысалиевдин моралдык жактан күнөөсү болгондур, бирок негизги күнөөкөрлөр - медицина кызматкерлери жана чечим чыгарган сот. Башкы прокуратура ушул маселени карап чыксын”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан