Мамкаттоо кызматы шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан "Самара" боюнча иликтөө жүргүзүп жатат

Жергиликтүү "клооп.кг" сайты президенттик шайлоодогу үгүт учурунда шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп, 26-октябрда макаланы жарыялаган.

Анда Кыргыз өкмөтүнүн сервериндеги маалыматтар коомчулукка "самара.кг" деген мамлекеттик эмес сайтына көчүрүлгөнү айтылат. "Бир ай ичинде Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде "самара.кг" деген сайт камтылган экен. Бул сервер аркылуу бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтарын (паспорт номери, жеке идентификациялык номер, биометрикалык маалымат) табууга мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк талапкердин үгүт иштеринин жүрүшүн кыйла жеңилдете алат", - деп жазылат макалада.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов макала боюнча кызматтык иликтөө башталганын айтты. Ал аталган макала жаңы шайлоо технологияларына ишенимди жоготууга багытталганын, иликтөөнүн артында саясий күчтөр бар экенин билдирди. "Мамлекеттик каттоо кызматы ар дайым серверлердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурат жана аларды коргоо системи күчтүү", - дейт Эржигитов.

Айта кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков добуш бергендердин 54 пайызынан ашуун колдоосуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан