29-майда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев Берлин шаарында Бишкектеги “Үмүт-Надежда” балдардын реабилитациялык борборунун тарбиячылары менен жолугушту. Айта кетсек, аталган борбордун тарбиячылары окуучулары менен бирге “Германиянын супер таланттары” фестивалынын тандоо туруна катышты. Аталган иш-чара 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Жолугушууда Кыргызстандын Германиядагы элчиси фестивалдын катышуучулары менен кеңири пикир алышып, аларга ийгиликтерди каалады.