Японияда 2 даана курма 4,8 миң долларга сатылды

Японияда 2 даана курма 540 миң иенага (4,8 миң доллар) сатылды. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, сатылган курманын сорту "тэнкафубу" деп аталат.

Япониянын айыл чарба ассоциациясынан маалымдалгандай, "тэнкафубу" сортундагы курманы алуу үчүн агрономдор 11 жыл убакыт сарптаган. Таң калычтуу баага сатылган 2 курманын ар биринин салмагы 300 граммды түзөт.

"Бул сорттогу курманын алгачкы түшүмдөрү сатыкка чыкты. Ушуга байланыштуу анын баасы кымбат экендигине карабай сатылып кетти. Эгер кадимки курмаларда Брикс шкаласы боюнча канттын курамы 15-16 градуска барабар болсо, жаңы сорттогу курмада ал 18 градустан ашат. Ал эми өтө кымбат баага сатылган 2 даана курмада канттын курамы 25 градустан ашыкча болчу. Өзгөчө жагымдуу даамга ээ болгон ал курмалар катуу болгондуктан эзилип кетет деген коркунуч да аз", - деген Япониянын айыл чарба ассоциациясынын Гифу префектурасынын бөлүм башчысы Ито Ёсиюки.

"Тэнкафубу" сортундагы курманын эң алгачкы түшүмү өткөн жылы алынып, сатыкка чыккан. Анда максималдуу баа килограммына 320 миң иенага (3 миң долларга жакын) жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Junpaipak
2017-10-28 17:24:01
Кана эми бизде дагы ушундай болсо агаротдогу курмаларды сатып жыргап калмакпыз
+5
Kroxa
2017-10-28 18:36:46
Биздин курмада деле канттын курамы жакшы болсо керек..
+3
datkayimjan
2017-10-28 22:33:11
Мындай баада сатылса аравандыктар миллионер болуп кетишмек ээ
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан