Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-майда 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Кайрылуунун мазмуну төмөндөгүдөй:
“Урматтуу мекендештер!
Ар бир муундун бешенесине жазылган балалыгы болот. Бизде, Совет доорунда төрөлүп, чоңойгон балдарда, замандын жокчулугуна карабастан, балалыгыбыз бейпил, бактылуу болгону үчүн ата-энелерибизге, мугалимдерибизге, мекенибизге терең ыраазычылык жүрөгүбүздө орун алган. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөгөн балдардын көңүлүндө башкача сезим уялаган.
Жыл сайын белгиленген 1-июнь - Балдарды коргоо күнү балалык камкордукка муктаж экендигин бардыгыбызга эскертип турат. Жараткан адамга балалуу болуу бактысын бергенде, баланын келечегинин жана мекенинин тагдырынын жоопкерчилигин кошо жүктөйт. Демек, балдарыбыз балалык кезин кандай эстеп калары ар бирибизге байланыштуу.
Балдарды тарбиялоо оңой иш эмес. Бүгүн биз Кыргызстандын бардык ата-энелерине, турмуш жолунда алгачкы кадам таштоого, кыйынчылыктарды коркпой жеңүүгө, ийгиликтерге жетишүүгө балдарыбызга көмөктөшкөн тарбиячыларга, мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз.
Азыркы өткөөл мезгилде кичинекей мекендештерибиз ата-энелер, мамлекет, коом тарабынан аяр мамилеге, камкордукка жана коргоого муктаж.
Учурда кордукка жана зомбулукка учураган балдардын саны өсүп жаткандыгы кейитет. Алар жакындарынан, ал тургай өз ата-энесинен кордук көрүшөт. Жакында эле балдарга мыкаачылык менен кылынган кылмыштарды көрүп, коомчулугубуз кайдыгер калган жок. Наристе баланы зомбулук менен кыйнаганды адам деп атоого дит барбайт. Өз балдарын азапка салгандарды ата-эне деп атагың да келбейт. Наристеге кол көтөргөндү, жаш баланы зордуктаганды эч качан актоого, мындай айбанчылыкка жол берүүгө болбойт! Зомбулук жазаланууга тийиш. Тирүү кезинде эркиндигинен ажыратылып, өлгөндөн кийин да мындайларга жаназа окулуп, бейиттен орун берилбеши керек. Бул катаалдык эмес, бул балдарыбыздын коопсуздугу, келечеги үчүн керектүү иш-чара.
Урматтуу мекендештер!
Ар бир бала сапаттуу билим, зарыл учурда медициналык жардам алууга жана дарыланууга бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу зарыл. Биз ар бир үй-бүлө өз баласын толук камсыз кылып, келечекке ишеним артышы үчүн экономиканы көтөрүп, жаңы жумушчу орундарын жаратабыз. Жеке өрнөгүбүз менен жаш муундарды эмгекке жана жаратмандыкка үйрөтүүгө, Кыргызстанды көз карегиндей сактоого милдеттүүбүз.
Бардык балдарыбызга, ата-энелерге жана жаш муундарды тарбиялоого өмүрүн арнагандарга чың ден соолук жана бакты-таалай каалайм! Бактылуу болгула! Келечегиңер кең болсун! Кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңе билгиле! Өз максатыңарды ишке ашырыш үчүн күрөшүп, жаратман болгула!”