Бүгүн, 30-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду. Кызматтан кетирилишине министрдин светтик өлкөнүн стандарттарына туура келбеген чечими түрткү болуп калды. Казаковго тагылган башкы күнөө - Улуттук тарых музейиндеги мумияны жерге көмүү боюнча чечими болду.
Мумия жөнүндө кыскача айта кетсек. Белгисиз кыздын мумиясы 1956-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги тарых музейине өткөрүлгөн. Айрым маалыматтар боюнча, мумия IV-V кылымдарга таандык. Ушунча жылдан бери аталган мумияны иликтөөгө алып, анын жыйынтыгын жарыялап, тиешелүү тарыхый баа берүү иштери жүргүзүлбөй келип, Кыргыз окумуштуулар чөйрөсү мумияга ал көмүлгөндөн кийин көңүл бөлүштү. Парламентте бул маселе көтөрүлгөндө депутат Рыскелди Момбеков өз убагында ал сөөктү 500 миң долларга сатууга чет өлкөдөн кардар чыкканын айткан. Абройлуу дүйнөлүк музейлерден өзгөчө корголгон экспонаттар уурдалып "кара рынокто" чоң акчага сатылып жатканын эске алганда, жарым миллион долларга бааланган мумия коррупцияга баткан Кыргыз чиновниктерин сөзсүз азгыртат. Жерге берүүдө тартылган сүрөттөрдөн үстү жабык табыттын ичинде сөөк бар же жоктугу көрсөтүлбөгөндүгү "мумия чет өлкөгө сатылып кетти" деген версияны да жаратат.
Казаков маалыматтык согушта коргонууга кантип аракет жасады? Ал 60 жыл ичинде сөөктүн үстүнөн бир да жолу илимий изилдөө жүргүзүлбөгөнүн айтып, буга өлкөдө изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу менен түшүндүргөн. Мындан тышкары ал этикалык мүнөздөгү себеп катары "Биз мусулманбыз, шариатка ылайык, көз жумган адамдын сөөгүн узакка сактаган болбойт" деген. Журналисттердин илим, археологиялык табылга тууралуу суроолоруна "жооп бербейм" деп кол шилтеп басып кеткен. Казаков менен бир позицияда болгон, өздөрүн "көзү ачыктар" деп атагандардын ою боюнча, мумиянын жерге берилбей жатканынан улам Кыргыз жергесинде 60 жыл ичинде табигый кырсыктар орун алган имиш. Ал эми сөөк жерге берилгенден кийин быйылкы президенттик шайлоо тынч өттү дешти "көзү ачыктар". Кийин министрдин моюнуна Тарых музейинен 500дөн ашуун экспонаттын жоголгону тагылганда, ал өз каалоосу менен кызматтан кетери тууралуу арыз жазганын айткан.
Мумия чыры Кыргыз коомундагы дин менен илимдин көптөн бери келе жаткан кагылышын көрсөттү. Светтик өлкөдө мамлекеттик органдардын илим боюнча чечимине диний ишеним, "көзү ачыктар", бүбү-бакшылар үстөмдүк кылбаш керек. Дагы бир жагдай: министрлик кресло Кыргызда абдан баалуу жана аны ээлегиси келгендер өтө көп. Түгөлбай Казаков мумияга байланыштуу окуядан улам оппоненттерине жакшы шылтоо түзүп берди. Көшөгө артында Казаковду министрлик кызматтан башка окуя алып түшкөнү айтылууда. Түгөлбай Казаков айрым жаш ырчылар мамлекеттик сыйлыктарга өзү жетектеген министрлик тарабынан эмес, президенттик аппараттан көрсөтүлүп, сыйланып жатканын коомчулукка жарыялап салган. Министрдин бул жарыясы Ак үйдөгү чоңдорго жакпай калганы айтылууда...
6 жыл өлкөнү башкарып, кызматтан кетүүсүнө бир ай калганда президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраилов менен Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевге генералдык наам ыйгарды. ИИМ менен УКМК башчылары бул мамлекеттик жогорку наамга канчалык татыктуу? Интернетте мындай суроого жооп издегендер көп болду.
Исраилов Атамбаевдин жан сакчысы болуп жүргөнү белгилүү. Министрлик деңгээлиндеги жогорку кызматтарда тажрыйбасы болбосо да, президенттин колдоосу менен ИИМди жетектөөгө келген. Анын тушунда камакка алынган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров өңдүү оппозиционерлерди колдогон көптөгөн митингдер болуп жатты. УКМКнын алдында Жапаровду колдоо митингинде асманга ок атылып, оппозиционердин тарапташтары ур-токмокко алынып кармалганы да эсте. Парламент жыйындарынын биринде Исраилов депутаттардын суроолоруна жооп таба албай, райондук милиция бөлүмдөрүнүн санын билбей ыңгайсыз абалда калган. Ал эми өткөн аптада эки милиция кызматкеринин каза болгонуна байланыштуу "ИИМ башчысы ушундай жагдайда генералдык наамды алууга моралдык акысы жок болчу" деген сын-пикирлер айтылууда.
УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев "агроном" кесиби боюнча жогорку окуу жайын бүтүргөн. Мурдагы президент Аскар Акаевдин кезинде анын басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн. 2015-жылы ноябрь айында президент Алмазбек Атамбаев аны атайын кызматтын башчылыгына койгон. Коомдо УКМКнын дарегине "бийлик өзгөргөнүнө карабай мурункудай эле саясий куугунтукту аткарып жатат" деген сындар айтылып келет.
Ошентип Атамбаев оппоненттери менен күрөшүүдө чексиз жардам көрсөткөн, жеке командага кызмат кылган жетекчилерге президенттиктен кетеринде мамлекеттин атынан ыраазычылык билдирип, наам ыйгарды...