Бүгүн, 30-майда Нарын ОИИБинин имаратынын тосмосун бузуп кирген митингчилер аталган мекеменин башчысы Нарынбек Молдоисаевди иш ордунан кетүүгө аргасыз кылышты. Учурда анын ордуна мурда ОИИБинин башчысынын орун басары болуп иштеген Махабат Жумаев иштөөдө. Муну Молдоисаев өзү эл алдына чыгып билдирди. Белгилей кетсек, нааразычылык акциясы Молдоисаевдин аталган кызматка кайрадан дайындалышынан улам жаралган. Буга чейин ОИИБинин башчысы: "Мен 2010-жылы мыйзамсыз кызматтан кеткем. Бул иш боюнча сотко кайрылып, Жогорку Сотто менин мыйзамсыз кызматтан алынгандыгым далилденди. Ошентип кайрадан ушул кызматка дайындалдым. Биздин кызмат ордубуз министрликтин буйругу менен дайындалат",- деп билдирген болчу. Айта кетсек, Молдоисаевди бул кызматка дайындоо буйругуна ички иштер министри Абдулда Суранчиев 27-майда кол койгон.