SUPER.KG порталынын "Медиа портал" бөлүмүндөгү "Элдик видеого" "245 киши 30 метрлик бийиктиктен секиришти" деген видео жүктөлдү (ник: gul-jana2). Видеодон бийик көпүрөдөн белине узун арканга уланган коопсуздук курун тагынган бир нече адам бир учурда секиргенин көрүүгө болот.
Окуя быйыл сентябрь айында Бразилияда болгон. Анда 245 адам бир учурда 30 метрлик бийиктиктен секиришип, мунун негизинде алар рекорд жаратышкан. Уюштуруучулардын маалымат булактарына билдиргенине караганда, 245 адамды белинен байлап коопсуздукту сактоого жалпы 20 чакырымдык аркан керектелген. Натыйжада катышуучулар экстремалдуу трюктан жогорку деңгээлдеги адреналин алышканын билдиришкен.
Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле Бразилиянын тургундары былтыркы жылы дагы аркан менен бийиктиктен массалык секирүү боюнча рекорд коюшуп, андагы катышуучулардын саны 149 адамды түзгөн. Быйыл алар өздөрү жараткан рекордду өздөрү жаңылашты.