ChicaGhosts 2017 Рубиктин кубигин чогултуу боюнча чемпионатта кореялык өспүрүм Сенг Бём Чо дүйнөлүк рекордду жаңылады. Ал кубиктин (кубик 3×3×3) классикалык дисциплинасында бир өңчөй түстөрдү 4,59 секундда чогултууга жетишкен. Муну менен ал буга чейинки рекордду 0,1 секундага эрте чогултуу менен жаңылады. Белгилей кетсек, буга чейинки рекорд быйылкы жылдын 5-сентябрында Патрик Понс тарабынан коюлган. Ал кубиктеги түстөрдү 4,69 секундда чогулткан.
"Рубиктин кубиги" оюнчугу венгриялык ойлоп табуучу жана скульптор Эрнё Рубик тарабынан ойлоп табылган.