Ысык-Көл. "Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги" аттуу 3 күндүк иш-чара башталды

30-майда "Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги" аттуу иш-чаранын биринчи бөлүгү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинде илимий-практикалык конференция менен башталды. Бул тууралуу  Каракол шаардык мэриясынын туризм, маданият жана маалымат бѳлүмүнүн башчысы Алик Асанов билдирди. Маалыматка таянсак, иш-чара 3 күнгө созулат. 31-майда шаардык стадиондун жанына "Манасчылар ордосу" ачылып, 1-июнда Каракол шаарындагы ат майданында улуттук ат оюндары өткөрүлөт. Кошумчалай кетсек, иш-чара ѳкмѳттүн Ысык-Кѳл облусундагы ѳкүлчүлүгү жана "Тынчтык" коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан