Кытайдагы Чанша шаарында 57 жаштагы аялдын мурдуна тиш өсүп, аны дарыгерлер операция жолу менен алышкан. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, аялдын мурду 10 жылдан бери бат-баттан канап турчу. Жыйынтыгында ооруканага кайрылууга аргасыз болуп, рентгенден мурдунун ичинде катуу бир нерсе бар экени аныкталган. Дарыгерлер муну кичинекей таш болушу мүмкүн деп божомолдошкон. Бирок операция учурунда мурундун ичине тиш өсүп чыкканы аныкталган. Тишти алышкан соң аялдын мурду бүтпөй, канаганы да токтогон.
Тиш доктурлардын айтымында, тиштер ооздун ичинен сырткары жерлерге деле өсүп чыгышы мүмкүн. Бирок мурундун ичине өскөн учур өтө эле чанда кездешет.