Ысык-Көл. Барскоон - "Кумтөр" унаа жолуна тосмолор коюлуп, ар бир автоунаа текшерилүүдө

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мырзабек Исмаиловдун көрсөтмөсү менен Барскоон - "Кумтөр" унаа жолунун 14-чакырымына тосмолор коюлду. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, митингдин уюштуруучулары жана милиция кызматкерлеринен турган 10 адам күзөттө турууда. "Алардын негизги максаты - ар кандай күчтөр митинг болуп жаткан жерге өтүп кетип, стабилдүүлүктү бузбоосун көзөмөлдөө. Ошондой эле алар жарылуучу заттардын жана ок-дарылардын өтүп кетпөөсүн көзөмөлдөшүүдө. Ар бир автоунаа текшерилип жатат",- дейт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан