Ысык-Көл облусунда "Кумтөр" маселеси боюнча митингге чыккан тургундар, кырдаал боюнча түшүндүрмө берейин деген акыйкатчынын облустагы өкүлү Болот Абдиевди сүйлөтпөй коюшту. Алар анын митинг болуп жаткан жерден кетүүсүн талап кылышты. "Митингчилердин укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрүүгө аракет кылдым, тилекке каршы, эл менен сүйлөшүү мүмкүн болбоду",- дейт Абдиев.