Бүгүн, 31-октябрь күнү "Ва банк" сериалы менен атагы таш жарган Түштүк Кореянын актрисасы Соң Хе Кйо актёр Соң Жуң Киге турмушка чыкты. Буга чейин бул эки кино жылдыз “Күндүн мураскерлери” сериалынан кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшөрү айтылган.
Актрисанын жакшылыгы элге билинер замат журналисттер аны "жылдын тою" деп атап алышкан. Атактуулар башынан эле тойду чагылдырууга жалпыга маалымдоо каражаттары чакырылбай турганын билдиришкен. Ага карабай, той өткөн мейманкананын жанында жайгашкан имараттардан орун алышкан фотографтар сүрөткө тартышып, атактуулардын күйөрмандары отелдин босогосун сагалашып, абада дрондор учуп жүрдү.
Маалымат үчүн: Соң Хе Кйо 1981-жылкы болсо, Соң Жуң Ки 1985-жылы туулган.