Skype тиркемесинин компьютердеги версиясы таанылгыс болуп өзгөрдү

Бир канча айга созулган иштеп чыгуулардан кийин Skype тиркемеси таанылгыс болуп өзгөрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка ылайык, Microsoft компаниясы Skype тиркемесинин жаңы версиясын жайылтууну баштады. Тиркеменин жаңы версиясы азыркы тапта Windows, Mac жана Linux программаларында жеткиликтүү. Жаңыланган Skype эми компьютер, смартфон, планшет, Xbox, смарт-колонкалардын бардык платформаларында бирдей көрүнүшкө ээ болду.

Жаңы версия ар бир колдонуучуга өзүнүн табитине жараша тиркеменин ичин өзгөртүп алууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, тиркеменин жаңы версиясында колдонуучу байланыштарын саатына, окулбаган билдирүүлөрүнө же статуска жараша тизип алса болот. Ошондой эле ыңгайлуулук үчүн керектүү байланыштарды же топторду тизменин башына бекитип коюу мүмкүнчүлүгү пайда болгон.

Мындан сырткары видео конференциялар болуп жаткан маалда сезимдерди билдирүү үчүн бетине коюп алуучу быйтыкчалар пайда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adilet2014
2017-11-06 12:29:05
Видеобайланыш менен суйлошуп жаткандагы смайликтер бар болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан