Асель Кодуранова Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерликке КСДП фракциясынан депутат Асель Кодуранованы шайлашты. Жашыруун добуш берүүгө 93 депутат катышып, 91 эл өкүлү Кодуранованын талапкерлигин колдоду. Калган 2 депутат ага каршы добуш берди.

Кодуранова мурдагы вице-спикер Данияр Төлөновдун кызмат ордуна дайындалды. 25-октябрда “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Төлөнов аталган фракциядан болгондуктан вице-спикерлик орун КСДП фракциясына берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан