"Өмүрбек Текебаевди мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы шашылыш, негизсиз чечим кабыл алды", - деп бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова билдирди.
Анын айтымында, аталган комиссияга соттун экинчи инстанциясынын чечими 28-октябрда келип түшкөн. “Конституция боюнча, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамда соттун өкүмү чыккандан кийин 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен БШК Жогорку Кеңештин депутатын мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алышы керек деп жазылган. Бирок соттун экинчи инстанциясынын чечими БШКга 28-октябрда келип түшкөндүгүнө байланыштуу дагы убакыт бар болчу. Текебаевдин жактоочулары комиссияга Жогорку Соттон чечим чыкканча мандат маселесин талкуулабай турууну өтүнүшкөн. Алар 24-октябрда Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылышкан. Бул боюнча Жогорку Сот 20-ноябрда карайт”, - деди Абдрахматова.
Ал билдиргендей, мыйзам боюнча депутат мандатынан ажыратылгандан кийин дароо кезектеги кийинки адамга мандат берилиши керек болчу. “БШКнын төрайымы 20-ноябрга чейин мандатты бербей туруу керектигин айтты. Эгерде мандат бербегенге мүмкүнчүлүк бар болсо, анда эмнеге Текебаевди мандаттан ажыратуу маселесин 20-ноябрга чейин күткөн жокпуз?” - деди БШКнын төрайымынын орун басары.
Айта кетсек, бүгүн БШК Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды.