2012-жылы ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиев 2 327 643 сом киреше тапкан. Бул маалымат аталган мамлекеттик кызматкердин бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү боюнча тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Жунушалиевдин кыймылсыз мүлкү катары 79,22 чарчы метр аянтты ээлеген үй көрсөтүлгөн. Ал эми бул мамлекеттик кызматкердин жакындары былтыр 45600 сом киреше тапса, мүлктөрү: 90,2 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үй, 50,2 аянтты ээлеген 1 үй, 2003-жылы чыгарылган Лексус RX 330 унаасы.