ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: Бийлик үчүн эки инисине турмушка чыгып кийин аларды өлтүргөн Египеттин акыркы ханышасы Клеопатра VII туулган

18 жашында өзүнүн кичүү иниси Птолемей XIIIкө турмушка чыгып, бирок аны менен тактыны бөлүшкүсү келбегендиктен, Юлий Цезарга Египеттин жалгыз башкаруучусу болууга жардам берүүсүн суранып кайрылат. Юлий Цезардын жардамы менен Птолемей XIIIтү өлтүргөн. Андан соң дагы бир иниси Птолемей XIVкө турмушка чыккан жана аны дагы такты үчүн өлтүргөн Клеопатра VII мындан 2086 жыл мурун жарык дүйнөгө келген.
Клеопатра VII Птолемей XIIнин кызы жана эллинистикалык Египеттин акыркы ханышасы болгон. Тарыхта Клеопатра тарыхта мүнөзү абдан катаал, 7 тилде эркин сүйлөгөн Египеттин билимдүү аялдарынын бири катары жазылган. Ал өз өмүрүн Александрияда өткөргөн. Анын туугандары Египетти үч кылымдан ашык убакыт башкарган. Клеопатранын сулуулугу боюнча ар кандай уламыштар айтылып келет. Ошондой эле анын ажарына арбалган эркектер арбын болгон.
Ханыша 28 жашында Римдик кол башчы Марко Антонио менен таанышып, жашоосу түп тамырынан өзгөргөн. Экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып, ханыша Маркону сулуулугу менен арбап алган. Ал тургай Клеопатранын суранычы менен кол башчы өзүнүн бир тууган карындашы Арсенияны өлтүрүүгө чейин барган. Канча бир жылдардан кийин Клеопатра Антониого Александр Гелиос аттуу уулду жана Клеопатра Селена деген кызды төрөп берет. Сүйүшкөн башкаруучулардын бактылуу турмушу көпкө уланган эмес. Өлкөдө жарандык согуш башталып, Марко Антониого Октовиан каршы чыккан.
Тарых барактарында жазылгандай Клеопатранын өзүн-өзү өлтүрдү деген жалган ушактан кийин күйөөсү Марко өзүнүн жанын кыйган. Ал эми ханыша жолдошунун өлүмүнөн бир канча күндөн кийин өзүнө-өзү кол салып каза тапкан.
Акыркы изилдөөлөргө караганда ханышанын ичкен суусундугунун курамында апийим, оканит жана болигол болгон. Демек, ханыша ууландырылып өлтүрүлгөн деген да божомолдор пайда болгон.
2-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан