АКШнын президенти Дональд Трамп грин-карт лотереясынын жардамы менен аталган өлкөдө жашоого уруксат берүүнү токтотууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Нью-Йоркто өзбек улутундагы эмигрант жасаган теракттан кийин Дональд Трамп грин-карттарды таратууну токтотуу керек экендигин айтып чыккан.
Терактка шектелип кармалган 29 жаштагы өзбек жараны Сайфулло Саипов 2010-жылы грин-карт утуп алып, ошонун негизинде Америкага барган.
"Террорист биздин өлкөгө дал ошол грин-карттын жардамы менен келген. Мындан кийин эч кандай грин-карт лотереялары ойнотулбайт. Биз катаал жана акылдуураак болушубуз керек", - деп билдирүү калтырган Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына.
Эскерте кетсек, 31-октябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында айдоочу жүк ташуучу унаасы менен жөө адамдарды тебелеп кеткен.
DVLP грин-карт программасы 1990-жылы башталган, ал Мамлекеттик департамент тарабынан ишке ашып келет. Программанын негизинде жыл сайын 50 миң грин-карт ойнотулат. Бул лотереяга айрым чектөө киргизилген мамлекеттерден тышкары бардык өлкөлөрдүн жарандары катыша алат.