Кечээ, 1-ноябрда Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында өкмөттүн Кыргыз-Казак чек ара маселесине байланыштуу маалыматтарын уккан. КСДП фракциясынан депутат Улан Примов жабык эшик артында талкууланган маалыматтарды айтып берди.
"Өкмөт чек арадагы кырдаалдан жабыр тартып жаткан ишкерлерди, дыйкандарды салык жана башка төлөмдөрдөн бошотуп, аларга жеңилдетилген насыя берүү, жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Өкмөт чек ара маселеси жакынкы бир-эки айда чечилиши керектигин билдирди. Өкмөт мүчөлөрү ЕАЭБдин алкагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөнүн, бул союздан министрлер чакырылганын, Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылуу жазылганын айтышты. Ушул маселенин коңшу өлкө менен дипломатиялык жол менен чечилишин күтүп жатабыз", - деди Примов.
"Ал эми Кыргыз бажысы аркылуу аткезчилик жол менен Кытайдан товарлар келет деген Казакстандын дооматы боюнча ЕАЭБдин атайын комиссиясы иштеп жатат. Менимче, тийиштүү комиссия бул иликтөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөтөт", - деп кошумчалады депутат.