Бишкек шаарынын Д.Садырбаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде оор жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей, эки жеңил унааны сүзүп оодарылып калган. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
"Жол кырсыгы бүгүн саат 11:00дөр чамасында болгон. Жеңил унаанын ичинде айдоочу менен кичинекей баласы бара жаткан экен. Экөө тең жаракат алыптыр. Баласы башына ачык жаракат алган окшойт", - деп билдирди күбө.