Декларация: Ички иштер министринин мурдагы орун басары Мелис Турганбаевдин 2012-жылы тапкан жалпы кирешеси 3348541 сом

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Мелис Турганбаевдин 2012-жылдагы тапкан жалпы кирешесинин суммасы 3348541 сомду түзгөн. Бул маалымат аталган мамлекеттик кызматкердин 1 жылдык кирешеси жана башка мүлкү боюнча тапшырган декларациясында жазылган. Турганбаев өзүнө таандык бир дагы кыймылдуу, кыймылсыз мүлк көрсөткөн эмес декларацияда. Анын жакындары былтыр 759651 сом киреше тапса, мүлктөрү төмөнкүлөр: 0,1489 гектар жер тилкеси, 0,1524 гектар жер тилкеси, аянты 335,9 чарчы метрди ээлеген батир, аянты 70,8 чарчы метрди ээлеген батир, аянты 0,03 гектардан болгон 3 жер тилкеси жана аянты 0,12 гектарды ээлеген кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан