Бүгүн, 30-майда президент Алмазбек Атамбаев “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” КРнын мыйзамына кол койду. Мыйзам ушул жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерин жөнгө салууга багытталган, медицина ишмердиги менен алпурушкусу келгендерге талаптарды, алардын негизги укуктарын жана милдеттерин жана бул ишмердикти ишке ашыруудагы жоопкерчилигин аныктайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.