Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Минскте өтүүчү ЕврАзЭШ эл аралык кеңешинин 36-жыйынына катышат

31-май күнү Беларусь өлкөсүнүн Минск шаарында ЕврАзЭШ эл аралык кеңешинин 36-жыйыны болот. Ага Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон делегация катышат. Күн тартибинде ЕврАзЭШ эл аралык кеңешинин 34-жыйынында кредиттик рейтингдик агенттиктердин ишмердүүлүгү,  ЕврАзЭШтин бюджетинин 2012-жылдагы аткарылышы жана башкалар жөнүндө кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланат. Мындан сырткары жыйындын алкагында билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы келишимдерди кароо жана кол коюу сунушталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан