Британиялык улгайган адамдын мээсинде тынбай музыка ойнойт. Дарыгерлер себебин түшүндүрүштү
Улуу британиялык 87 жаштагы Рон Гольдспник өзгөчө оору менен жабыркап келерин чет элдик маалымат булактары жазышты. Анын кулагына тынбай эркектер хору аткарган Британиянын мамлекеттик гимни угула берет.
Бул оору менен жаңы ооруп баштаганда Гольдспник кошуналар музыка коюп жатышат го деп алар менен да барып урушуп келген. Бирок алар "гимнди мынчалык көп укпайбыз, биздин үйдө жаңырган да жок" дешкенде, маселе өзүнүн башында экенин түшүнгөн.
4 айдан бери гимнди уга берип тажаган пенсионер врачка кайрылган. Сейрек кездешкен бул дартты дарыгерлер "музыкалуу кулактын синдрому" деп түшүндүрүшкөн. Мындай оору менен Британияда 65 жаштан жогорку 10 миң кишинин бири жабыркайт. Улгайган адамдардын кулак угуусу начарлап кетиши дал ушундай музыкалык галлюцинация менен коштолору белгилүү болгон.
Рон Гольдспник кулагында угулган музыканын үнү анча деле катуу эмес экенин айтат. Врачтар адамдын психикасы менен байланыштуу мындай мандемди жоюп, оорулууга кантип жардам берерин таппай келишет. Галлюцинация менен күрөшүүнүн бир гана жолу - кулагында угулган гимнден телевизордун үнүн бийик коюп алуу. Бирок карыган киши көзү уйкуга кеткенче телевизор көрүп отура бербеси бышык.
Жакынкы күндөрү Рон Гольдспник анын шаарына келиши пландалган ханыша Елизавета II менен жолугууну көздөөдө. "Ханышага жолуксам Британиянын гимнин сиз уккандан 2 эсе көп уктум деп айтат элем", - дейт пенсионер.