Израилде зоопарктан качып чыккан бегемот кайра зоопаркка кайтып келди

Израилде зоопарктан качып чыккан бегемот кайра зоопаркка кайтып келди. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, ал сыртка чыгып чөп жеген. Бегемотту зоопарктагы видеокөзөмөл тартып калган.

"Зоопаркта ага берилген чөп алда канча даамдуу экенин сезип кайра өз түнөгүнө кайтып келди. Анын үстүнө зоопаркта 24 бегемот багылат, качып чыккан бегемот аларды да кыя албаса керек. Бул жерде бегемоттор үчүн бардык жакшы шарттар түзүлгөн. Ага эч кандай зыян келбептир, корккон же кордолгон белгилер жок", - деген зоопарктын кызматкери.

Эске салсак, дүйнөдөгү эң картаң бегемот карылыктан жана оорудан жабыр тарткандыктан адистер ушул жылдын июль айында "түбөлүккө уктатууга" аргасыз болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tima1211
2017-11-04 13:29:16
Жакшы,эчкимге зыян алып келбептир.
0
Tyty1990
2017-11-04 13:31:18
Бегемот айланып казыгын табат.
+3
maks94.kb
2017-11-04 14:13:31
Бегемот айланып зоопаркты табат
+2
asi.gulum
2017-11-04 14:53:54
Биздин жепутаттардан акылдуу экен да.
+2
Kg.arts.
2017-11-04 18:39:43
Еврейлер бегемотту да алдайт да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан