Ысык-Көл облусунда нааразычылык акциясына чыккандардын айынан "Кумтөр" ишканасынын тегерегиндеги кырдаал татаалдашууда. Аймактык кабарчыбыз маалымдагандай, бүгүн түштөн кийин Саруу айылынан "Кумтөрдү" көздөй жөнөшкөн митингчилер Тамга
айылындагы жогорку чыңалуудагы электр подстанциясына барышып, ишкананы электр энергиясынан ажыратмакчы болушту. Подстанциянын жетекчилери, бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары алар менен сүйлөшүүгө аракет кылышууда.
Митингчилер бүгүн "Кумтөргө" жакын аймакка чатырларды тигип түнөшөт. Эгер эртең коюлган талаптары аткарылбаса, алтын кендин өзүнө бастырып киришерин айтышууда. Айта кетсек, митингчилер өкмөткө 13 талап койгон, алардын катарында "Кумтөр" боюнча канадалык компания менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, жергиликтүү тургундар үчүн оорукана, спортзал куруп берүү жана башкалар бар.