ЭЛДИК КАБАР: Казакстандын өспүрүмдөр арасындагы "Баганашыл" кубогунда Кыргыз футболчулары финалга өттү

Казакстанда өтүп жаткан футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы беттеште Кыргыз футболчу балдар финалга чыкты. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирди.

"1-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында футбол боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык "Баганашыл" кубогу старт алды. Анда 2006-жылы туулган балдардан турган клубдар арасында беттештер жүрүүдө. Кыргыздан келген "Дордой" (Бишкек) клубу бүгүн Караганданын "Шахтёр" клубун 1:3 эсебинде жеңип, финалга өттү. Ага чейин 4 команданы жеңген. Эми эртең, 5-ноябрда финалдык беттеште Астананын клубу менен кез келет", - деп сүйүнчүлөдү окурман.

"Кыргыз өлкөсүнөн "Дордойдон" тышкары Кант шаарынан "Абдыш-Ата" клубу да келмек, бирок алар эмнеге келбей калганы белгисиз", - деп кошумчалады ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2017-11-04 17:56:37
Азаматтар ушундай кичине кезинен даярдаш керек футболистерди ошондо спорт онугот. Мамлекекет дагы спортко конул буруп баардык шарты бар стадиондорду куруп берсе жакшы болмок
+2
bom.bon
2017-11-04 18:18:13
Кок-бооруго окшоп силерда берип койбогула анан))
-2
zamirbekorozalimovkg
2017-11-04 19:04:03
Бул жака жазганга тура келди. Урматту кыргыз елим. Бабановго кылмыш изин козгоду. Атамбаев куу туулку баарын тымсызынан жайлап жатат. Андан коро тамаожныйды ачпайбы аракет кылбайбы минте берсе чон которулуш болойун деп жатат. Ойлон атамбаев
-3
gute
2017-11-04 19:36:49
zamirbekorozalimovkg, Туура мен сенин созуно кошулам эл кыйналып жатат ошону чечишпейби. Элдин койгойун, бийликтин кемчилигин айткандардын баарын куугунтуктап жатышат. Мындай башкаруу болбойт бизге 3-революцияны каалабайт элек бирок оздору ушуга алып бара жатышат
-3
asan.toluktuk
2017-11-04 19:13:58
Бабанов учун баарына даярмын
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан