Бельгиялык режиссёр жана иллюстратор Винсент Баль колуна тийген түрдүү буюм же нерселердин көлөкөсүнөн ойго келбеген кызыктуу сүрөттөрдү тартат. Ал кагаздын үстүнө койгон предмет менен көлөкөсүнөн тартылган сүрөттүн бири-бирине таптакыр байланышы жок. Мисалы, тамак аралаштырган депкирдин көлөкөсүнөн түрмөдө отурган адам, автоунаада телефон кубаттагычтын көлөкөсүнөн ашпозчу, чачка таккан кооздуктардан музыка угуп отурган адам жана башка ушул сыяктуу күтпөгөн жыйынтыктарды тартуу менен таң калтырат.
"Мен кесибиме жараша болуп жаткан окуяны ар тараптан көрүүгө, баамдоого аракет жасайм. Режиссёрлук кылып 1 тасманы тартуу үчүн 3 жыл кетсе, сүрөт тартуу, идеяны ойлоп табуу үчүн болгону 3 мүнөт кетет. Ошол себептен мен аларды тартуудан ырахат алам", - дейт сүрөтчү. Социалдык тармактарда ага катталып, улам жаңы эмгегин артынан кууп көргөндөр арбын.