Миллиондогон адамдар жасалма WhatsApp тиркемесин көчүрүп алышты

Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары жаңыланган тиркеменин ордуна, жасалма WhatsApp көчүрүп алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, колдонуучуларга тиркеменин жаңыланган версиясы тууралуу жарнама келген, алар бул жарнамага ишенип жасалма WhatsApp тиркемелерин көчүрүп алышкан. Алдамчылар Google Play дүкөндөрүнө WhatsApp Inc компаниясынын атынан Update WhatsApp Messenger аттуу жасалма программаны киргизишкен. Компаниянын аты жазылган жерде гана кичине өзгөчөлүк болгондуктан Google анын жасалма тиркеме экенин аныктай алган эмес.

Көптөгөн арыздануулардан кийин бул тиркеме Google Play дүкөндөрүнөн өчүрүлгөн. Ал эми колдонуучулар кайрадан чыныгы тиркемени көчүрүүгө мажбур болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gena_alai
2017-11-07 08:48:05
Мен whatsapp plus орнотуп колдонуп жатам смартфонума сонун экен, башкаларга да сунуштайт элем мумкунчулуктору коп экен иштетип коргуло...
-6
Jumahmatov
2017-11-07 13:23:54
Оа мен дагы кочуруп алдым эле жакбай очуруп кайра эски версиясын башка телден кочуруп алдым смайликтери дагы адамга жагымсыз экен
+1
Aima94
2017-11-08 02:06:08
Jumahmatov,мага да жаккан жок смайликтер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан