"Кумтөрдөгү" кырдаал боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев чукул жыйын өткөрдү

30-майда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" ишканасынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү. Ага вице-премьер-министрлер Шамиль Атаханов менен Тайырбек Сарпашев, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана башка министрлер катышты. Жыйындын жүрүшүндө аталган ишканадагы татаалдашкан кырдаал жана абалды турукташтыруу үчүн кабыл алуучу чечимдер талкууга алынды. "Биз абалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн колдон келген бардык аракеттерди жасашыбыз керек. Бүгүн бир чечимге келүү зарыл",- деди Сатыбалдиев. Өкмөт башчы ошондой эле "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын вице-президенти Родни Ступарик менен жолугушту. Учурда премьер-министр Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга кирген фракция лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан