"Кумтөр" ишканасынын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу Ысык-Көл облусуна өзгөчө кырдаал киргизүү зарыл". Бул тууралуу Тоо-металлургия профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев 30-майда билдирди. Айтымында, учурда Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында абал курч бойдон, митингчилердин саны улам көбөйүүдө.
"Өкмөт чечкиндүү чараларды көрүшү керек. "Кумтөргө" электр жарыгы берилиши зарыл, мунун арты олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Тамга айылында абал курчуп, адам өлүмү менен коштолушу да мүмкүн",- деди Тажибаев. Ал "Кумтөр" ишканасында иштегендер менен митингчилердин ортосунда чатак чыгып кетиши мүмкүн экендигин белгилеп, өкмөт кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбашы керектигин айтат.