Сингапурдун улуттук университетинин окумуштуулары суюктуктун жытын, даамын өзгөртө алган стаканды ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, суу стаканга куюлары менен ал анын түсүн өзгөртө алат. Бул стакандын астындагы жарык чыгаруучу диоддор менен байланыштуу. Ал эми анын кырындагы адамдын тилин стимулдаштырган электроддор суусундуктун даамы өзгөргөндөй сезимди тартуулайт. Идиштин ичиндеги түтүкчө болсо түрдүү суусундуктардын жытын газ түрүндө чыгарып турат.
"Мындай ыкма менен окумуштуулар эң алгачкы санариптик стаканды чыгара алышты. Адам ар кандай "шарап", спирттик ичимдиктерди албай эле, жөнөкөй сууну стакандын жардамында ичип, каалаган ичимдигин ичип жаткандай таасир калтыра алат", - деп жазылат маалыматта.
Окумуштуулардын айтымында, бул стакан адамдардын ден соолугуна зыянсыз. Тескерисинче спирттик ичимдиктерден оолактатып, кадимки таза сууну ичүүгө өбөлгө түзөт.